Кадамжайдагы "Шамбесай" алтын кениндеги окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “бирөөнүн мүлкүн кыянаттык менен жок кылуу, бейбаштык кылуу” беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 21-октябрда Кадамжай районунун акими Акрамжан Мадумаров билдирип, “Майдан айылында абал тынч. Жума күнү сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз. Тургундар "Шамбесай" "алтын изилдөө кени иштебесин" деген талаптарын коюшту. Биз талаптарды атайын органдарга жеткирдик. Аталган маселе боюнча Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик жана атайын органдар иш алып барышат",- деп кошумчалайт.
Эске салсак, окуя 18-октябрда саат 10:00дө Кадамжай районунун Майдан айыл аймагында болуп өткөн. Айылдын Шамбесай участкасында жайгашкан австралиялык "Z-Exploer" алтын изилдөө компаниясынын техникалары кенге кирерин уккан Майдан айылынын тургундары жолду тосуп, таштарды тизип коюшкандан башталган. Чогулган эл "техникаларды киргизбейбиз, алардын иштешине каршыбыз» деп нааразычылык билдиришкен.