Жогорку Кеңештин бир катар депутаттарынын эртең Баткенге барары күтүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Депутаттар кырдаалды жөнгө салуу боюнча бир катар сунуштарды беришти. Баткен облусунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Бишкектеги жумуш орундарында болуп, зарыл учурда кеңешмеге чогулуу үчүн алар 3-7-майда региондордо шайлоочулар менен иштөө жөнүндөгү токтомду жокко чыгарышты. Бир катар депутаттар эртең Баткен облусуна барышары күтүлүүдө", - деп жазылат билдирүүдө.
Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруу деңгээлинде Баткен облусунда түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу үчүн шашылыш чараларды көрүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Кеңешменин жүрүшүндө чек аралаш аймактарда жашаган мекендештерибизге жардам көрсөтүү маселеси да талкууланган.