Бүгүн, 29-апрелде курчуп кеткен Кыргыз-Тажик чек арасындагы кагылышуудан Тажикстандын 3 жараны каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазды.
"Кыргыз-Тажик чек арасындагы кагылышуудан жалпы 31 адам жабыркап, алардын үчөө каза болду", - деп жазып чыгышты аталган өлкөнүн басылмалары Исфара шаардык мэриясына таянуу менен.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин билдиришинче, учуруда аталган аймакта абал оор бойдон калууда.