Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү комитетинин 21-октябрдагы жыйынында “Коррупцияга каршы элдик көзөмөл” коомдук бирикмесинин төрагасы Ж.Пазыловдун 1000 гектар жердин айрым адамдардын кызыкчылыгына мыйзамсыз пайдаланылып жаткандыгы тууралуу кайрылуусу каралды.
Пазылов Жалал-Абаддын Сузак районундагы Атабеков айыл өкмөтүндө 1000 гектар сугат жери бир-эки жарандын гана кызыкчылыгына мыйзамсыз иштетилип жатканын айтты. Аталган айыл өкмөттөгү Жийде айылынын тургуну Исамидин Хамракулов бул мыйзамсыз иштер 2006-жылдан бери уланып жатканын билдирди. Айтымында, 1995-жылы мурдагы Жийде совхозу реформаланып, жерлерди кайра бөлүштүрүү учурунда жок адамдар катталып, үлүш жерлерге ээ болуу менен жогорудагый мыйзамсыз иш-аракеттер бүгүнкү күнгө чейин уланып келе жатат.
Бул факт боюнча курамына депутат Абдулатип Режевалиев жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирген жумушчу комиссия түзүү чечими кабыл алынды.