Башкы прокуратурада каралбай жаткан 10 миңдей кылмыш иши бар

Тараптардын сотко келбегендигинен улам Башкы прокуратурада 10 миңдей кылмыш иши каралбай жатат. Муну ЖКнын Сот укуктук маселелер жана мыйзамдуулук комитетинин 21-октябрдагы жыйынында депутат Тынчтык Шайназаров билдирди. Жыйында "КРнын Кылмыш-процессуалдык кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатат. Бул мыйзам сот жыйындарына келбеген тараптарды алып келүүгө ички иштер органдарын милдеттендирет. Мыйзам долбоор биринчи окууда колдоо тапты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан