Вице-премьер-министр Токон Мамытов Аксы, Ала-Бука райондорундагы чек ара көйгөйү менен таанышат

КРнын Коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри Токон Мамытов 3 күндүк иш сапары менен Жалал-Абад облусуна кетти. Мамытов Ала-Бука, Аксы жана Сузак районунда болуп, чек ара көйгөйү менен таанышып, жергиликтүү калктын коопсуздугунан кабар алат. Айта кетсек, аймактагы чек ара маселесинин курчтугунан "Аксыны коргоо кыймылы" Токон Мамытовду 7-октябрда Аксы районуна келишин талап кылышкан эле. Эске салабыз, 22-сентябрда райондогу Унгар-Тоодо жайгашкан ретрансляциялоо станциясына өзбекстандык чек арачылар тик учак менен келишип, станциянын такталбаган аймакта жайгашканын айтышкан. Алар ал жердеги кызматкерлердин аты-жөнүн текшерип, тескөөгө алышкан. Кийин эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин өзбек чек арачылары аймактан чыгарылган болчу. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан