Ош шаардык төрөт үйү оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө карата 27-сентябрдан 21-октябрга чейин убактылуу жабылган эле. Эми эртең, 22-октябрдан баштап оорулууларды кабыл алып баштайт. Алып айтсак, ооруканага операциялык блок жана борбордук кычкылтек станциясы орнотулду. Жергиликтүү бюджеттен оорукананы оёдоо иштерине 150 миң сом бөлүнгөн.