Өкмөт башчы Улукбек Марипов Ошто Баткендеги чек ара боюнча жабык жыйын өткөрдү

Премьер-министр Улукбек Марипов Ош шаарында Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды мындан ары жөнгө салуу үчүн тиешелүү кызматтар менен жабык жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

"Премьер-министрге учурдагы кырдаал тууралуу маалымат берилди. Эки өлкөнүн башчылары Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча жетишилген макулдашууларга байланыштуу Улукбек Марипов Бишкек шаарына учуп кетти", - деп жазылат билдирүүдө.

Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан кыргыз тараптан 154 адам жаракат алып, 31 адам каза болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан