2013-жылдын 9 айы боюнча "Дордой" базарынан салык чогултуу планы толук аткарылган жок. Муну 21-октябрда Мамлекеттик салык кызматында өткөн коллегиялык жыйында мекеменин салык көзөмөлүнө изилдөө жана рейддерди жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Абибила Чолоев билдирди. 9 ай аралыгында базардан 34 миллион сом жыйналышы керек болгон. Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Исхак Масалиев аталган базардан чогултулган салыктын көлөмүн көтөрүү керектигин айтты.
"Керек болсо салык кызматынын ар бир кызматкери бирден контейнер үчүн жооп берсин",- деди Масалиев. Бул сөз Свердлов райондук мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын жетекчисине тапшырма катары айтылды.