Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары болуп Мелис Сатыбалдиев дайындалды. Бул туурасында президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Президент Садыр Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, Мелис Сатыбалдиев Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары кызматына дайындалды.
Ал 2014-2016-жылдары Улуттук гвардиянын командачысы болуп иштеген.