Турсунбай Бакир уулу "ММКлардан экстремисттик топтордун атрибуттарын көрсөтүүгө тыюу салыш керек" дейт

ЖКнын Коргоо жана коопсуздук комитетинин 21-октябрдагы жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу "Эктремисттик ишмердүүлүккө каршы күрөшүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. 

Депутаттын сунушу боюнча, экстремисттик топтордун атрибуттары менен символикаларын маалымат булактарынан көрсөтүүгө тыюу салыш керек. Эгер сот кайсы бир уюмду экстремисттик деп тапса, аларды да пропагандалоого тыюу салынат.   

Бирок бул сунушка депутат Исмаил Исаков каршы.  

"Тыюу салганыбыз менен, андай атрибуттарды өз ишинде чагылдырган журналисттерди кантебиз? Анда "ушундай экстремисттик уюм бар" деп айтып чыккан журналисттерди да соттойбузбу? Коомчулукка жардам берем деп алар өздөрүнө көйгөй жаратып алат",- деди Исаков.  

Сунушталган мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты. 

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан