Кытайдын Се аттуу тургуну өзүнүн 2 жашар баласын сатып, акчасына саякаттаганы кетип калган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Се уулунун апасы менен ажырашып, баласын өзүнө алып калган. Анын жаңы жубайы өгөй уулун жактырбай, чыр-чатак көп чыга баштаган. Буга байланыштуу Се уулун баласы жок үй-бүлөгө 158 миң юанга (2 миллион сомдон ашык) сатып, жубайы менен саякаттоого кеткен.
Баланын жоголгонун байкаган Сенин туугандары полицияга кайрылган. Кылмышкер күч органдары тарабынан Чжэцзян провинциясынан кармалып, камакка алынгандыгы жазылган маалыматта.