17-октябрда Бишкекте "Парковка", "Такси, бус" жана "Зарулём" аттуу рейддер башталган. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдиргендей, рейд учурунда жол эрежесин бузуу фактылары боюнча 2177 административдик протокол түзүлдү.
Айнектерин мыйзамсыз караңгылатып алган 28 автоунаа айып аянтчасына токтотулду.
Рейд учурунда мас абалында унаа айдаган 28, тийиштүү документи жок унаа айдап жүргөн 94 айдоочу кармалды. Мындан башка да жол эрежесин бузган айдоочуларга тийиштүү чаралар көрүлдү. Бишкек ШИИББи көчөлөрдө тартип орномоюнча мындай иштер улантыла бере турганын кошумчалады.