Арзыбек Бурканов премьер-министрдин кеңешчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бурканов Арзыбек Орозматович Кыргыз Республикасынын премьер-министринин кеңешчиси кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка Улукбек Марипов кол койду", - деп жазылат маалыматта.