Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги Тажикстанда убактылуу же мурунтан жашап жүргөн кыргыз паспорту бар жарандардын чыгарылып жатканы тууралуу комментарий берди. Анда бул маселе министрликке март айынын башында эле келе баштаганы жана ал министрликтин көзөмөлүндө экени айтылат.
"Биз Кыргыз Республикасынын жарандарын Тажикстан Республикасынын аймагынан убактылуу же биротоло чыгарып салуу фактыларын билебиз. Бул маселелер ушул жылдын март айынын ортосунан тартып Тышкы иштер министрлигинин туруктуу көзөмөлүндө болуп, Лахш (мурунку Жерге-Тал) аймагында паспорт жана миграция боюнча күтүүсүз текшерүүлөр жүргүзүлгөндүгү жөнүндө биринчи маалымат келе баштаган.
Кыргыз тараптын тынчсыздануусун тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстан Республикасынын тышкы иштер министри С.Мухриддин менен ушул жылдын 1-апрелинде өткөн эки тараптуу жолугушуу учурунда билдирген. Ошондой эле бул маселе Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын ички иштер министрлеринин деңгээлинде талкууланып жаткандыгын белгилей кетүү керек. Андан сырткары Бишкек Дүйшөмбүгө маселени чечүү үчүн жакынкы күндөрү министрликтер аралык кеңешме өткөрүүнү сунуштаган.", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин Тажикстан кыргыз паспортун алып жүргөн жарандарды өлкөдөн чыгарып жатканы тууралуу маалымат тараган.
Тажикстан буга байланыштуу азырынча расмий үн ката элек.