Бул тууралуу бүгүн, 5-майда президент Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол коюп, өлкө элине кайрылуу жасап жаткан учурда айтты.
Айтымында, бул тармак болуп көрбөгөндөй жаңыланат.
"Мен андай болуп жатканынын эки негизги себебин көрүп турам. Алар биринчи тергөөчү соттордун позициясын алдын ала маалымдаган терең тамырлаган күнөөлүү кишинин презумпциясы. Алар окуяны толук иликтебей туруп эле адамды күнөөлөп кылмышкер кылып башташат.
Андан соң сот өкүмү чыга электе эле пресс маалыматтар адамды эң оор кылмыш менен айыпталып жатканын жазып чыгышат. Сот адилет болуп, ишти калыс иликтеш керек. Экинчи себеби соттон өкүмдү сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берген коррупция. Көп жылдан бери бул тармак жаңыланыш керек экени айтылып келет. Бирок кырдаалды өзгөртүү боюнча натыйжалуу иш жасалган жок. Жаранды негизсиз айыптаса, милиция кызматкерлеринин, тергөөчүлөрдүн, прокурорлордун, соттордун жеке жоопкерчилигин, кылмыштык жана материалдык жоопкерчиликтерин аныктоо зарыл.Өтө татаал болсо дагы баардык мыйзамдарды инвентаризациялоо башталды, ушул иш натыйжалуу болот деп ишенем, мамлекеттик органдарга аны сапаттуу аткарууну тапшырам.
Акыркы учурларда калктын аялуу катмарларына, айрыкча аялдарга, балдарга, ошондой эле менчикке кол салуу сыяктуу кылмыштар коомчулукта чоң резонансты жаратууда.Мындай кылмыштар үчүн жоопкерчиликти катаалдаштыруу керек деп эсептейм. Ошондуктан мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү даярдоону тапшырдым. Ошону менен катар эле, майда кылмыштуулукка байланыштуу мыйзамдарды гумандаштыруу боюнча да ишти улантуубуз керек. Ал үчүн керектүү укуктук негиздер бар.Тергөөнүн жана соттун мындай кылмыштарды туура квалификациялоосуна жетишүү керек", - деди Жапаров.