Баткен облусунун райондоруна жаңы акимдер дайындалды

Премьер-министр Улукбек Марипов бир катар кадрдык буйруктарга кол койду.

Ага ылайык, Лейлек районунун акими болуп Алмазбек Рахманкулов дайындалды. Абдирашит Ташбалтаев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болду.

Учкунбек Жоробаев Баткен районунун акими болуп дайындалды.

Эскерте кетсек, буга чейин чек арачы Абдикарим Алимбаев Баткен облусундагы өкмөт өкүлү болуп дайындалганы белгилүү болгон.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев кечээ кызматынан бошотулганы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан