Орусиянын президенти Владимир Путин менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргыз-Тажик чек арасындагы абалды талкуулашы күтүлүүдө. Бул тууралуу Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песковго таянып, орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Билдирүүгө ылайык, эки өлкөнүн президенттери 8-майда жолугушат.
Мындан тышкары 9-майда Москвадагы Кызыл аянтта өтө турган Жеңиш парадына Эмомали Рахмон катышат.
Белгилей кетсек, Тажикстандын агрессивдүү кол салуусунан Кыргыз өлкөсүнүн расмий маалыматтары боюнча, 36 жаран каза болуп, 189 адам жаракат алды. Мындан тышкары үйлөр, мектептер жана башка имараттар өрттөлүп, ири суммадагы материалдык чыгымга алып келди.