Өкмөт башчы: "Баткендеги жабыркаган үйлөрдү, объектилерди калыбына келтирүү ишине кириштим"

Өкмөт башчы Улукбек Марипов Кыргыз-Тажик чек арасындагы кагылышуулардын учурунда жабыркаган турак жайларды, социалдык жана инфраструктуралык объектилерди калыбына келтирүү, шилендилерди тазалоо ишине киришти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Мамлекеттик бюджеттен калыбына келтирүү иштерине 700 миллион сом бөлүнгөн.
Анын басымдуу бөлүгү, атап айтканда 500 миллион сому социалдык объектилерди калыбына келтирүүгө жана жабыркаган айылдарга алып баруучу жолдорду курууга багытталат. Калган 200 миллион сому талкаланган турак жайларды курууга жумшалат.
"Биз бардык тийиштүү шарттары каралган заманбап турак жайларды куруубуз керек. Эң негизгиси – күз мезгилинин башталышына дейре жабыркаган жарандар турак жайларга жайгашуусу үчүн иштерди тез арада баштообуз зарыл", - деген өкмөт башчы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан