Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы болуп дайындалды
Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өкмөттөн билдиришти.
"Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 11-апрелинде референдум аркылуу кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" мыйзамынын 4-беренесинин негизинде Марипов Улукбек Асамидинович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Министрлер кабинетинин төрагасы болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.