Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Артём Новиков Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
"11-апрелдеги референдум аркылуу кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзамынын 4-беренесинин негизинде Артём Новиков Эдуардович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.