Улукбек Кармышаков Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – экономика жана финансы министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 11-апрелинде референдум аркылуу кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесинин негизинде Улукбек Кармышаков мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана финансы министри болуп дайындалды", - деп жазылган маалыматта.