Жылдыз Бакашова Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесинин негизинде Бакашова Жылдыз Кемеловна Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды", - деп жазылат маалыматта.