Министрлер кабинетинин мүчөлөрү дайындалды (тизме)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда 2021-жылдын 11-апрелинде референдум аркылуу кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзамдын 4-беренесине ылайык, «Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кол коюлган Жарлыкка ылайык:

Өмүралиев Таалайбек Барыктабасович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын коргоо министри болуп дайындалды;

Казакбаев Руслан Айтбаевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри болуп дайындалды;

Чынбаева Асел Рыспековна мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын юстиция министри болуп дайындалды;

Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалды;

Купешев Болотбек Душекович Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри болуп дайындалды;

Иманалиев Кайрат Олжобаевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрт болуп дайындалды;

Ажикеев Бообек Эргешевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалды;

Ниязбеков Улан Омоканович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри болуп дайындалды;

Абдралиева Гүлмира Курманбековна мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри болуп дайындалды;

Турдубаев Кубанычбек Апышевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри болуп дайындалды;

Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын айыл, токой жана суу чарба министри болуп дайындалды;

Шыкмаматов Алмамбет Насырканович Кыргыз Республикасынын инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча министри болуп дайындалды;

Кутманова Динара Асиевна Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы болуп дайындалды;

Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан