Тазабек Икрамов депутаттарга: "Үстүдөн сүйлөбөгүлө десе, оозуңарды жаап аласыңар"

Бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңеште Баткендеги чек ара маселеси күн тартибине киргизилгенден кийин ар кандай маселени алып салуу сунушу колдоо тапты.

Депутат Тазабек Икрамов көтөрө турган маселе көп экенин айтып, ар кандай маселени алып салганына нааразы болду.

"Бүгүн карай турган маселе аз экен. Эмнеге ар кандай маселелерди күн тартибинен алып жатасыңар? Канча деген элдин маселелери турат. Эмнеге мындан качып жатабыз? Үстүдөн ар кандай маселе каралбасын, сүйлөбөгүлө десе оозуңарды жаап аласыңар. Өзүңөрдүн позицияңарды кармасаңар болмок. Уят да", - деди Икрамов.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бул маселе добуш берүү менен чечилгенин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан