Депутат Тиллаев: "Чек ара маселесин коркпой ачык карасак, кечээ болгон окуялар болмок эмес"

"Чек ара маселесин коркпой ачык карасак, кечээ болгон окуялар болмок эмес", - деп бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таабалды Тиллаев билдирди.

Ал чек ара боюнча маалымат ачык угулушу керектигин айтты. "5 жылдан бери чек ара маселеси ачык каралышы керек деп айтып жатам. Бирок бир да жолу маселени ачык кароону колдогон жоксуңар. Күнөө өзүбүздө дагы бар. Коркпой ачык карасак, кечээ болгон күндөр болмок эмес. Эми мындан ары маалыматты жөн эле угуп коё бербей, өзгөчө макам берилип жатыптыр, ошол боюнча программаларды уксак туура болот. Кечээги болгон окуяга күнөөлүүлөр жоопкерчилик тартыш керек. Ал жердегилерге үй салып берген менен мамиле чечилбейт. Элге үмүт бере турган иш-чараларды көрсөк", - дейт Тиллаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан