Бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңеште айыл өкмөттөрүнүн башчыларын, шаар мэрлерин шайлоого талапкерлерди көрсөтүү ыйгарым укуктарын акимдерге берүү маселеси талкууланууда.
Мыйзам долбоору акимдерге айыл өкмөт башчыларын шайлоо үчүн жергиликтүү кеңештерге талапкерлерди көрсөтүүгө ыйгарым укук берүүнү сунуштайт.
Депутат Замирбек Эсенамановдун айтымында, долбоор акимдин ролун күчөтүү максатында иштелип чыккан.
Депутат Аалы Карашев кошумчалагандай, айыл өкмөтүнүн башчыларына жана шаарлардын мэрлерине талапкерлерди район акимдери, ал эми Бишкек, Ош сыяктуу облустук маанидеги шаарлардын мэрлерин президент көрсөтөт. Жергиликтүү кеңештерге үчтөн кем эмес талапкер болууга тийиш экенин кошумчалады.