Кечээ, 6-майда президент Садыр Жапаровдун Баткен облусуна иш сапары менен барып келди. Социалдык тармактарда "жолугушуулар жашыруун өтүп жатат, камерага тартууга тыюу салынды" деген пикирлер айтылган.
SUPER.KG порталы президенттин маалымат катчысы Галина Байтерекке байланышты. Анда ал жолугушуулар жашыруун болбогонун белгиледи.
"Жолугушуулар жашыруун болгон жок. Биз ал жакка элдин маанайын билбей бардык. Ал жакта жакындарын жоготкон адамдар бар болчу. Президент алардын маанайын сезип, "эл менен чын жүрөктөн сүйлөшөлү сүрөткө, видеого тартпай эле койгула" деп айткан. Ал жашоочулардан дагы видеого тартпай эле койгула деп суранды. Анан барганга жараша жок дегенде сүрөткө тарталы деп сурандык. Алыстан видеого тарттык. Президент көйгөй менен пиар жасоонун кереги жок деп айтты.
Чогулушта аксакалдардын көйгөйүн сурап, суроолоруна жооп берди. Бир жигит арт жактан "бизге жаштарга деле сөз бергиле" деп айтканда ага сөз берилди. Жаш жигит суроо бергенде Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев дагы жооп берди. Ал жообун укпай жатканда аксакалдар "бала биздики эмес, чоочун бала" деп айтышты. Ал жигит Бишкекке келип башкача сүйлөп жатат. Атайын даярдалган аксакалдар сүйлөдү деп айтып жатат. Ал жакта ар кандай эл болгон, эч нерсе уюштурулган эмес", - деди ал.