Руслан Кыдырмышев президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Тийиштүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.
Руслан Кыдырмышев 1982-жылы 3-ноябрда Бишкек шаарында туулган.
1999-2004-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мамлекеттик башкаруу факультетинде билим алган;
2004-2006-жылы Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Башкаруу академиясынан магистрдик билим алган;
Ишмердүүлүгү:
2006-жылдан тарта ишкерлик менен алектене баштаган;
2010-жылы - "Кыргыз элдик ишмерлер партиясы" саясий партиясын негиздеген ("Кыргызская Народная Рабочая Партия");
2011-жылы - Кыргыз Республикасынын бразилиялык версиядагы "Вале-тудо" аралаш мушташ федерациясынын вице-президенти;
2014-жылы - Бүткүл дүйнөлүк кулатуу эр таймаш федерациясынын президенти (WEF — World Ertaymash Federation - ред.);
2015-жылы - "Жаштар баңгизатка каршы" социалдык долбоорунун негиздөөчүлөрдүн бири;
2016-жылы - "Бакубат келечек" кайрымдуулук фондусун негиздеген.
Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.