Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган Конституциянын негизинде Президент менен Өкмөттүн мурунку аппараттарынын базасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы түзүлдү. Бул тууралуу администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчысынын жарлыктары менен:
- Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
- Сатыев Медербек Асанбекович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
- Зулпиев Бектур Рысбаевич - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
- Асанкулов Жеңишбек Асанкулович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.