17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жыйын саат 10:00гө белгиленген. Бирок кайсы маселе каралары жазылган эмес. Депутат Дастан Бекешев социалдык тармактагы баракчасына жыйынга президент Садыр Жапаров катышарын жазып чыкты.
Парламенттин басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктап, президент Кумтөр маселеси боюнча сүйлөй турганын билдиришти.