"Эмгек" жана "Ак-Бата" партиясы шайлоодон четтетилди. Бул тууралуу чечимди Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы кабыл алды.
Баяндамачы көп даттануулар жана мыйзам бузууларды эске алуу менен Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы "Эмгек" партиясына добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп табуу керектигин айтты.
"Ак-Бата” партиясы дагы шайлоо жарышы учурунда добуштарды сатып алган деп айыпталды.