SUPER.KG порталы Тажикстанды дээрлик 30 жылдан бери башкарып келген президенти Эмомали Рахмон тууралуу материал даярдады.
Чет элдик эксперттердин пикири жана жергиликтүү маалымат булактарында жазылган маалыматка ылайык, аталган өлкөдө сөз эркиндиги салыштырмалуу чектелүү.
Тажикстанга сырттан көз салган эксперттердин айтымында, Рахмондун көзүн май басып, бийликтен башка эч нерсени көрбөй калган. Алар муну каршылыктарга карабай бийлигин баласы Рустам Эмомалиге өткөрүп берүүгө аракет жасап келгени менен түшүндүрүшөт. Рахмон бир эле мамлекетти башкарбастан майлуу-сүттүү кызматтарды уул-кыз, күйөө балдарына энчилеген.
Президенттикке карай кадам
Ал бийликке 1992-1997-жылдары Тажикстандагы жарандык согуш учурунда келген. Согуштук аракеттердин токтотулгандыгы анын эсебинде. Буга байланыштуу 2015-жылы "улуттун лидери - тынчтыктын жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү" статусун бекиткен мыйзам кабыл алынган.
Рахмон алгач 1990-жылы совхоздун директору болуп, Тажикстандын жогорку советине депутат болуп шайланган. 1992-жылы бийлик менен оппозициянын тирешүүсү жарандык согушка чейин жеткен. Ошол эле жылы сентябрда президент Рахмон Набиев отставкага кеткен. 1992-жылы Эмомали Рахмон Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган.
Мыйзамды өзүнө ыңгайлаштырып алган
1994-жылы эгемендүүлүк жарыялангандан кийин биринчи Конституция референдумда кабыл алынып, Тажикстан президенттик башкаруу формасына өткөн. Мыйзамга ылайык, президент эки жолу беш жылдык мөөнөткө шайланууга укуктуу болчу. Ошол жылдагы шайлоодо Эмомали Рахмон 58 пайыздан ашык добуш менен жеңүүчү деп жарыяланган. 1997-жылы Рахмон өкмөтү оппозиция менен куралдуу жаңжалды токтотуу боюнча келишимге жетишкен. 1998-жылы Элдик Демократиялык партияга кошулуп, кийин анын төрагасы болгон.
1999-жылы референдум аркылуу Конституцияга өзгөртүү киргизилип, президенттин эки беш жылдык мөөнөтү алып салынып, анын ордуна жети жылдык мөөнөт берилген. Рахмондун мурунку президенттик кызматы калыбына келтирилген.
Үй-бүлөсү:
Эмомали Рахмон жердеши Азизмо Асадуллаевага үйлөнгөн. Жубайлардын тогуз баласы бар, алардын көпчүлүгү мамлекеттик маанилүү кызматтарды аркалашат. Улуу кызы Фируза тажик темир жолунун башчысына турмушка чыккан.
Анын тун уулу парламенттин төрагасы, ал буга чейин Дүйшөмбүнүн мэри болгон, коррупцияга каршы күрөшкөн.
1994-жылдын аягынан бери Эмомали Рахмон Тажикстан Республикасынын башчысы болуп, бул кызматты эч кимге өткөрбөй келет. Анын тактыда дээрлик отуз жылдан бери отурганы, атүгүл мамлекеттик кызматтарга уул-кыздарын тартканы дүйнөлүк маалымат каражаттарында талкууланып келет.
Рахмон көп балалуу ата, анын жети кызы жана эки уулу өтө жогорку кызматтарды ээлешет жана алар баш айланткан мансап курушкан.
Рустам Эмомали Рахмондун эркек балдарынын улуусу 33 жашта, мамлекеттик кызматтагы карьерасын 2006-жылы баштаган. Ал бир нече кызматта иштеп, 2012-жылы Бажы кызматынын башчысынын орун басары, бир жылдан кийин ал кызматты жетектеп калган.
Андан кийин мамлекеттик каржылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин директору болгон. 2017-жылы Дүйшөнбү шаарынын мэри болуп дайындалган. 2020-жылы ал парламенттин жогорку палатасынын спикери болуп шайланып, ушул кезге чейин ушул кызматты аркалап келет.
Белгилей кетсек, Рустам Эмомали спортко болгон сүйүүсү менен белгилүү. Жалпыга маалымдоо каражаттарында жазылгандай, ал "Истиклол" футболдук клубунда чабуулчу катары ойногон, эки жолку чемпион жана өлкөнүн кубогунун жана суперкубогунун ээси. Азыр ал Тажикстандын Футбол федерациясынын президенти. Бир нече жыл мурун ал Бажы кызматынын генерал-майору наамын алган.
2009-жылы жайында Рустам Дүйшөмбүдөгү ири тамак-аш өнөр жай ишканаларынын биринин башчысынын кызына үйлөнгөн. Ачык булактарга ылайык, ал үч баланы тарбиялап жатат. Ал кичүү уулунун атын Эмомали деп койгон.
Мамлекет башчысынын экинчи кызы 43 жаштагы Озода Рахмон 2016-жылдан бери президенттик аппаратты жетектеп келет. Буга чейин ал Тажикстандын АКШдагы элчилигинде иштеп, андан кийин Тышкы иштер министрлигинин консулдук бөлүмүнүн башчысы, 2009-жылы тышкы иштер министринин орун басары болгон.
2015-жылы Озода I даражадагы Шараф ордени менен сыйланган. Ал бул сыйлыкты президенттин колунан Тажикстандын көз карандысыздыгынын 24 жылдыгына карата алган. "Шараф" ордени экономиканы, социалдык чөйрөнү, илимди, маданиятты жана билим берүүнү өнүктүрүүдөгү сиңирген эмгеги, үлгүлүү мамлекеттик кызматы, жигердүү коомдук ишмердиги үчүн берилет.
Тажикстандын президентинин калган балдары жөнүндө көп нерсе белгилүү эмес, бирок фактылар абдан кызыктуу.
Рухшон Рахмондун үчүнчү кызы Улуу Британиядагы Тажикстандын элчилигинде иштеген. 2016-жылы Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар департаментинин башчысынын орун басары болуп дайындалган. 2017-жылы "Тышкы кызматтын негиздери" аттуу китебинин бет ачарын өткөргөн.
Алтынчы кызы Зарина Рахмон ири банк ишканасында жетекчинин орун басары. Ачык маалымат булактары жазгандай, ал азыркы кызматында 2017-жылдан бери иштеп келет.
Белгилүү болгондой, 2010-жылы Зарина тажик телевидениесинин 1-каналында диктор катары дебют жасаган.
Рахмондун күйөө балдары
Озода Рахмон Жамолиддин Нуралиевге турмушка чыккан. Бир нече жыл мурун жубайлар беш баланы тарбиялап жаткандыгы белгилүү болгон.
Нуралиев Тажикстан Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын биринчи орун басары кызматын 2015-жылдан бери аркалап келет. Буга чейин 2007-2010-жылдары каржы министринин орун басары, ал эми 2010-2015-жылдары министрдин биринчи орун басары болгон.
Рухшона Рахмонованын жубайы - Тажикстан Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитетинин вице-президенти Шамсулло Сохибов.
Рахмонго эл нааразы
Ачык булактарда жазылгандай, Тажикстан эли өтө жакыр жашайт. Өлкөнүн калкынын саны 9 миллионго чукул болсо, жумушсуздуктун айынан 3 миллионго жакын тажик эли сыртта жүрөт. Алар башчысына өтө нааразы, коңшулар менен мамиленин жоктугуна, элдин жакыр жашаганына Рахмонду күнөөлөшөт.
Өткөн жылы Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун кызматтан кетишин талап кылган "Ислох" сайтынын башчысы Мухаммадикболи Садриддин эстафета баштап, аны Тажик жарандары активдүү колдогон.