Бүгүн, 13-майда президент Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчылары бири-бирин Орозо айт майрамы менен куттукташып, эки өлкөнүн элдерине тынчтык, өсүп-өнүгүү жана бакубатчылык каалашты.
"Ошону менен бирге кыргыз-казак эки тараптуу жана регионалдык кызматташтыктын актуалдуу багыттары, анын ичинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон акыркы окуялары талкууланды.
Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге кырдаалга көңүл бургандыгы, кайрат айтып колдоо көрсөткөндүгү, ошондой эле Баткен облусундагы чек арага жакын айылдардын тургундарына гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.
Тараптар эки жактын тең кызыкчылыгындагы учурда күн тартибинде турган маселелердин бардык спектри боюнча биргелешип аракет көрүүнү арттырууга даяр экендиктерин тастыкташты", - деп жазылат маалыматта.