Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 13-майда президент Садыр Жапаров Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзийоев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн лидерлери Орозо айт майрамына байланыштуу жылуу куттуктоолорун айтышып, бири-бирине чың ден соолук, мамлекеттик ишмердиктерине ийгиликтерди, эки өлкөнүн элдерине бакубатчылык жана өнүгүү каалашты.

Эки тараптуу жана регионалдык кызматташтыктын башка маселелери менен катар Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги акыркы окуялар талкууланды.

Садыр Жапаров Шавкат Мирзийоевге ошол кездеги кырдаалга жеке өзү көңүл буруп, кыргыз элине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле баарлашуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы калган тилкелерди мыйзамдаштыруу маселелерин, суу-энергетика жана инвестиция жаатында кызматташуу келечегин талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан