"Акционердик коомдор жөнүндө" мыйзамга, Жазык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 6-майында кабыл алынган.

"Мыйзамдын негизги максаты - жер казынасын коргоонун, экологиялык жана өнөр жай коопсуздугунун талаптарын бузган, жумуштар таасирин тийгизген аймакта жашаган же иштеген адамдардын өмүрүнө, же ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирген коомдордо тышкы башкарууну киргизүүнүн негиздери менен тартибин жөнгө салуучу ченемдерди киргизүү болуп саналат", - деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары, Жазык кодекси убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда акционердик коомдун башкаруу органдарына коюлган чектөөлөрдү бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти караган берене менен толукталды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан