Буга чейин Бишкекте апасы менен кызын белгисиз адамдар өлтүрүп кетишкендиги тууралуу маалымдалган. Аталган кылмыш ишине шектелип өспүрүм бала кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдирди.
Анын айтымында, кармалган өспүрүм бала каза болгон кыздын таанышы болгон.
"Кыз менен өспүрүм отуруп уруша кетишкен, мындан улам апасы кызына болушкан. Пикир келишпестиктин натыйжасында бала аларды бычак менен моюнга сайып салган.
Бүгүн, 14-майда апасы менен кызынын сөөгү Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жерге берилди. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, шектүү баланын ата-энеси Балыкчыга барып, туугандарынан кечирим сурап жатышыптыр", - деп билдирди өздүк булак.
Эске салсак, 12-май күнү саат 11:25 чамасында Бишкек ШИИББинин "102" кызматына шаардагы көчөлөрдүн бириндеги турак үйдөн эки аялдын жансыз денеси табылганы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, эки аялдын киши колдуу каза болгонун аныкташкан. Алар 1958-жылы жана 1990-жылы туулган жарандар болушкан.
SUPER.KG порталы окуя болгон жерге барганда туугандары жана кошуналары маалымат берүүдөн баш тартышкан.
Кийин биздин порталга өздүк булак маркум аялдын 2 кыз,1 уулу бар экендигин жана баласы буга чейин укук коргоо органдарында иштеп, кийин чет өлкөгө иштегени кеткенин айтып берген. Ошондой эле аларды коркутуп жүргөндөр бар болгонун кошумчалаган.