Бишкекте киши колдуу каза болгон апасы менен кызынын окуясы. Маркумдун 2 кыз, бир уулу бар болгон

Буга чейин Бишкекте апасы менен кызын белгисиз адамдар өлтүрүп кетишкендиги тууралуу маалымдалган.

SUPER.KG порталына укук коргоо органдарындагы өздүк булактар маркум аял менен кызы тууралуу айтып беришти.

"Маркум аялдын 2 кыз, 1 уулу бар. Уулу укук коргоо органдарында иштеп, кийинчерээк чет өлкөгө иштегени кеткен. Үй-бүлө эл катары эле жашачу. Булар спирт ичимдигин ичип келишкен деген туура эмес, ал аял намаз окучу. Буларды коркутуп жүргөндөр бар болгон. Кызды 9 жолу, аялды 7 жолу бычак менен сайган", - деди өздүк булак.

Эске салсак бүгүн, 12-май күнү 11:25 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына шаардагы көчөлөрдүн бириндеги турак үйдөн эки аялдын жансыз денеси табылганы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, эки аялдын киши колдуу каза болгонун аныкташкан. Алар 1958-жылы жана 1990-жылы туулган жарандар болушкан.

Ал эми маркумдун туугандары алар Балыкчы шаарында жерге бериле турганын айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kyrgyz_bloger
2021-05-12 18:52:18
Коом бузулду
+9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан