БШК Зарылбек Рысалиевди депутаттык мандатынан ажыратты

Борбордук шайлоо комиссиясы Зарылбек Рысалиевди депутаттык мандатынан ажыратты. Бул тууралуу чечим бүгүн, 14-майда аталган комиссиянын жыйынында белгилүү болду.

10-майда БШКга Свердлов райондук сотунун Рысалиевге байланыштуу чечими келип түштү. Буга чейин Свердлов райондук соту Рысалиевди мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошоткон деген жүйө менен күнөөлүү деп таап, 300 миң сом айып пул төлөө чечимин чыгарган.

Зарылбек Рысалиев "Республика - Ата-Журт" фракциясынан депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан