Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында "Кумтөр" боюнча маселе каралууда. Анда баяндаманы "Кумтөр" боюнча түзүлгөн комиссиянын төрагасы депутат Акылбек Жапаров жасап жатат.
"Кендин 84,3 пайызына, башкача айтканда кенге дээрлик өзү ээ болуп алган "Центерра" өлкөнүн мыйзамдарын, кызыкчылыктарын сыйлаган жок. Келишимдердин шарттарын "Центерра" дайыма одоно бузуп келген. Давыдов жана Лысый мөӊгүлөрүнө 1995-жылдан 2011-жылга чейин 1 миллиард тоннадан ашык калдык төгүлгөн. Көз карандысыз эксперт Динара Кутманова 5 миллиард 400 миллион доллар деп эсептесе, мамлекеттик комиссия 141 миллион доллар деп эсептеген.
Иш жүзүндө мыйзамдын талаптары аткарылган эмес. 2013-жылдын 31-августунда Башкы прокуратура экологиялык мыйзам бузуулар боюнча кылмыш ишин ачып, 2 жылдан кийин токтотуп салган", - деди Акылбек Жапаров.