Орусиянын атынан тажик улутундагы ырчы катышат. Роттердам шаарында "Евровидение-2021" ыр сынагынын расмий ачылышы болуп өттү

"Евровидение-2021" эл аралык ыр сынагы 16-майда Роттердам (Нидерланды) шаарында башталды. Сынактын расмий ачылышына 39 мамлекеттин 34 делегациясы катышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, иш-чара коронавирус пандемиясынын айынан Нидерландыга бара албай калган журналисттер жана күйөрмандар үчүн онлайн режимде көрсөтүлдү.

Орусия, Литва, Германия, Словения, Франция, Италия, Испания, Түндүк Македония, Нидерланды, Израиль, Улуу Британия, Швеция, Бельгия, Ирландия, Азербайжан, Кипр, Норвегия, Хорватия, Украина, Эстония, Сан-Марино, Чехия, Греция, Австрия, Грузия, Молдова, Португалия, Сербия, Финляндия, Албания, Швейцария, Латвия, Болгария жана Даниядан келген катышуучулар салтка айланып калгандай кызыл килемден өтүштү.

Бул сынакка Орусиянын атынан катышып жаткан тажик улутундагы Манижа Сангиндин кийимдери көнүлдү бурду. Ал чыгыш орнаменттери түшүрүлгөн чапан, кызыл көйнөк жана орустардын баш кийими кокошник кийип келген.

"Евровидение" ыр сынагынын жарым финалы 18-20-майда өтүп, финалы 22-майга белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан