Депутат Атазов: "Бүгүн биздин кен байлыктарды, мөңгүлөрдү талкалап, кыргыз элинин ырыскысын саткандарга баа бере турган күн"

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында "Кумтөр" боюнча маселе каралып жатат.

Анда Рыскелди Момбеков өзүнүн каршы пикирин айткан.

Андан соң депутат Шайлообек Атазов суроо-жоопко өтүүнү талап кылды. "Бүгүн Кыргыз мамлекетинде өзгөчө чечим кабыл ала турган күн. Биздин кен байлыктарды, мөңгүлөрдү талкалап, кыргыз элинин ырыскысын саткандарга баа бере турган күн. Ар ким бул жерде чыгып мурунку президенттерин коргоп, жактоочу болгондун кереги жок. Көрдүк канча комиссия болду. Чыккынчы болсо чыккынчы да. Андан эмнеге уяласыңар?", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан