"Аалам сулуусу" эл аралык сынагы жыйынтыкталды. Быйыл Мексиканын атынан катышкан Андреа Мес сынактын жеңүүчүсү деп аталды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.
"Андреа ушунчалык өзүнө ишенгендиктен, сулуулук сынактарына катышуудан тартынбайт. Ал буга чейин 2017-жылы "Дүйнөнүн вице-сулуусу" наамына ээ болгон. Ал кесиби боюнча программист. Андреа Мес эркектер басымдуулук кылган тармакта иштегенине абдан сыймыктанат. Ошондой эле ал аялдар укугун коргоочу институттар менен тыгыз кызматташып, гендердик зомбулукту токтотууну көздөйт", - деп жазышкан ЖМКлар.
Таймаштын финалында Бразилия, Индия, Перу жана Доминикан Республикасынын кыздары күч сынашты.
Быйыл сулуулар сынагы Флорида шаарында өттү. Буга чейин "Аалам сулуусу" наамын Түштүк Африканын өкүлү Зосибини Тунци алган.