
Украинанын президенти шайлоочулардын жарымынан көбүн жоготту. Бул тууралуу "Рейтинг" тобу сурамжылоо жүргүзгөндөн кийин белгилүү болгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 2019-жылы Украинанын президентин шайлоодо Володимир Зеленскийди тандагандардын арасында сурамжылоо жүргүзгөндө алардын 43 пайызы гана кайрадан Зеленскийге добуш берерин билдиришкен.
Ал эми Зеленскийдин талапкерлигин экинчи айлампада колдогондордун 33 пайызы башка талапкерди колдоорун, 15 пайызы таптакыр добуш бербей турганын айткан. Ошондой эле Зеленскийди колдогондордун 8 пайызы аны кайрадан колдойбузбу деген суроого жооп бере алышкан эмес.