11-май күнү Казань шаарында каргашалуу окуя катталган. Анда 19 жаштагы студент Ильназ Галявиев куралчан кирип барып, мугалимдер менен окуучуларга ок чыгарган. Анда өзү колго жасаган бомбаны жардырып, алдынан чыккандын баарына ок чыгарган. Анын кесепетинен 9 адам каза болуп, 24 адам ар түрдүү жаракаттарды алышкан. 12-май Татарстанда аза күтүү күнү деп жарыяланган болчу.
Ильназ Галявиев ошол эле күнү колго түшүрүлгөн. Ал дароо полиция бөлүмүнө жеткирилип, өздүк маалыматтарын тактоо иштери башталган. Анда Ильназ Галявиев ТИСБИ колледжинин төртүнчү курсунун студенти экендиги белгилүү болгон. Ал ок чыгарган №175 гимназиясында 9-класска чейин окуган. Сурак учурунда ал полицияга адамдардын баарын жек көрөрүн айтып, бомба жасоону интернеттен үйрөнгөнүн айткан. Ошондой эле ал теракт жасоо үчүн атайын ок атуучу курал сатып алган. Текшерүүдө курал сатып алууга уруксаты бар экендиги маалым болгон.
Галявиев теракт жасоо алдында телеграмда "Кудай" аталышындагы канал ачып, "Бүгүн мен көп сандаган адамды өлтүрүп, андан соң өзүмдү атып салам. Мен Кудай катары ар бир адам өзүн менин кулум экендигин таануусун каалайм. Силер мен эмнени кааласам, ошонун баарын кылышыңар керек. Ар бириңердин он адамдан өлтүрүшүңөрдү каалайм. Дүйнөдө тирүү жан калбашы керек. Бул ааламдын катасы. Мен баарыңардан кутулуш үчүн бул дүйнөгө адам кейпинде келдим", - деп жазган.
Көп өтпөй ал тууралуу маалыматтар жарыяланган. Ал колунда бар үй-бүлөдөн экендиги айтылган. Бул тууралуу Татарстандагы балдардын укуктары боюнча акыйкатчы Ирина Волынецге шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышкан. "Жакшы жашаган үй-бүлөдө чоңойгон бала. Ал кадыр-барктуу университетте окуган, анын акысын ата-энеси төлөп берген. Анын үстүнө, пикир келишпестиктерден улам ал жакынкы аралыкта ата-энесинен бөлүнүп кетип, өзүнчө жашап жүргөн. Тыгыз мамиледе болбогону менен каржы жактан ата-энеси колдоп келген", - деген Волынец.
Андан сырткары кол салуу учурунда ал ТИСБИ колледжинин төртүнчү курсунун студенти болгон, бирок апрель айында академиялык карызынан улам окуудан чыгарылган. “Окуу учурунда ал өзүн тынч жана конфликтсиз студент катары көрсөттү. Ал ар дайым тыкан жана токтоо болгон, ал башка студенттерге жана мугалимдерге сый мамиле кылчу”, - деп билдирген аталган колледждин басма сөз кызматы
.
Бул үрөй учурган окуяга байланыштуу анын таежеси маалымат каражаттарына маалымат тараткан. Анын айтымында, ал мүнөзү токтоо жана технологияны жакшы билген бала болчу. 19 жаштагы Ильназ Галявиев Казань мектебиндеги адам өлүмүнө алып келген окуяга чейин жээни ар дайым боорукер жана токтоо бала болгон. Технологияны жакшы билген жана дайыма компьютерде отурчу. Ата-энеси ага гаджеттерди сатып берүүдөн эч каражат аяшчу эмес. Галявиев үч жыл программист кесибине окуган, анткени ал ушуну каалаган. Ата-энеси уулунун окуудан куулгандыгын билишкен эмес. Массалык маалымат каражаттарына жарыяланган кадрлардан жээнин тааныган эмес. Ал Ильназ Галявиевдин мындай кадамга баруусуна компьютер же секта таасир этиши мүмкүн деп эсептейт.
13-майда алгачкы соттук отурум болуп, анда Ильназ Галявиев СИЗОго 2 айга камакка алынган. Ошондой эле ал өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн экендиги айтылган. Баарын таң калтырганы ал соттук отурумда токтоо жана сабырдуу болуп, журналисттердин суроолоруна жооп берген эмес. Кээ бир журналисттер анын жылмайып турганын байкашкан. Бирок ал бет капчан болгондуктан, анын эмоцияларын байкоо оор болгон. Ошондой эле ал соттун чечими менен макул экендигин айтып, каршылык көрсөткөн эмес.
Тергөө маалында Ильназ Галявиев психикалык жактан жабыр тартары маалымдалган. Ал 2017-жылдан бери ооруканада каттоодо турган. Ага энцефалопатия (баш мээнин жана андагы клеткалардын жабыркашы) диагнозу коюлган.
Туугандары анын бул диагнозу тууралуу билишкен. Ильназ Галявиев мектепти бүткөн соң башынын ооруп жатканын айтып, ооруканага кайрылган. Анын абалы өткөн жылы жай айларында начарлап баштаган. Дал ошол убакта ал туугандарынан алыстап, түнт боло баштаган. Бирок ал баш мээсинин оорусуна карабай, аскерге жарамдуу деп табылган.
Мындан сырткары дарыгерлер ага текшерүү жүргүзгөндө, андан залалдуу шишик дарты аныкталган. Бул залалдуу шишик мээни кысып, кан айланууну начарлатат. Мындан улам адам агрессивдүү болуп, байма-бай башы ооруп, жүрүм-турумун акыл-эстүү башкара албай калат. Жакын арада ага психологиялык-психиатриялык экспертиза дайындалат. Ошондой эле андан шизофрениянын белгилери да аныкталды. Психиатр Игорь Лазаревдин айтымында, сурак берүү маалында анын жүрүм-туруму менен сүйлөгөн сөзүнөн шизофрениянын белгилери байкалган.
Ал кармалган күнү эле өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган. Мындан улам дарыгерлер ал кайрадан өзүнө кол салуусу мүмкүн деген тыянак чыгарып, Галявиев 24 саат бою видео көзөмөл алдында жалгыз камерада отурат.
Ал эми Тик-Ток социалдык тиркемесинде өспүрүм кыздардын ага сүйүүсүн арнап, анын бул кылмышын "атайын жасаган жок", "ага мектептеги мазактоолору себеп болду", "атууну башкалар уюштурган, Ильназ күнөөлүү эмес", "мектепке куралчан кирген бала менен Ильназ окшош эмес" деген сындуу актоолорун айтып, "анын көздөрү күнөөсүз жана боорукер болуп турат, анын көз карашын сүйүп калдым" деген колдонуучулар да арбын болууда.