"Баары көзөмөлдө". Садыр Жапаров аралыктан иштөөгө өттү

Өлкө башчы Садыр Жапаров мурда пландаштырылган эл аралык иш-чараларга байланыштуу эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо максатында, убактылуу аралыктан иштөө режимине өттү. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

"Өлкөдө болуп жаткан бардык окуялар, анын ичинде социалдык-экономикалык маселелер дайыма мамлекет башчысынын көзөмөлүндө", - деп жазылат билдирүүдө.

Буга чейин май айынын аягында Садыр Жапаровдун Москвага бара тургандыгы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан