Кечээ, 23-ноябрда Ташкентте баңгизаттарды тараткан ири кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары билдирди.
Маалыматка ылайык, топтун өзүнчө кампасы, жетекчиси, баңгизаттарды жашыруун жайларга калтырып кетүү менен алектенген таратуучулары болгон. Кампаны буга чейин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча соттолгон 28 жаштагы жаран башкарган.
"Учурда баңгизаттарды жашыруун жайларга коюп таратуу менен алектенген алты адам кармалып, алардын арасында чет элдик жарандар да аныкталды. Тергөөнүн маалыматы боюнча, баңгизаттарды топко чет өлкөлүк жаран жеткирип турган. Ал тыюу салынган заттарды бажы көзөмөлүнөн жашырып, чек ара аркылуу мыйзамсыз алып кирген. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, учурда дагы кайсы өлкөлөргө таратылганы аныкталууда", - деп белгиленди маалыматта.