"Чиновниктер көп сүйлөшөт, бирок аз иш кылышат", - деп бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Самат Исманов билдирди.
Исмановдун айтымында, Баткен облусуна жетекчилер жума сайын Бишкекке каттап турат. "Чиновниктер ал жакка үй-бүлөсү катары көчүп барышы керек. Өкмөт бир нукка келтириши зарыл. Чиновниктер көп сүйлөшөт, бирок аз иш кылышат. Жергиликтүү бийлик эч нерсе жасабагандыктан, ушундай болуп жатат. Өз аймагына кам көргөн таза, татыктуу чиновниктер иштеши шарт", - деди депутат.