Депутат: "Баткенге макам берүү жөнүндө мыйзам долбоору боюнча баяндаманы Министрлер кабинетинин төрагасы жасашы керек"

Бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Баткенге макам берүү жөнүндө мыйзам долбоору каралып жатат.

Анда баяндамачы катары айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков көрсөтүлгөн.

Депутат Аалы Карашев бул боюнча баяндаманы Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жасашы керектигин айтты. Ошондо гана маселелер чечиле турганын белгиледи.

Анын сунушун Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин мүчөлөрү дагы колдоду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан