Президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери дайындалды. Кимдер кайсы кызматка дайындалды? (тизме)
Президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери дайындалды. Тийиштүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгонун президенттик аппараттан билдиришти.
Эрбол Султанбаев - президенттин басма сөз катчысы болуп дайындалды.
Муса Жаманбаев - президенттин администрациясынын президенттин протокол кызматынын жетекчиси болуп дайындалды;
Анарбек Калматов - президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;
Алмасбек Абытов - Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;
Медер Жусупов Кеңешович - президенттин жана Министрлер кабинетинин Конституциялык сотунун ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;
Нурай Марс - президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
Махамаджан Иминов - президенттин администрациясынын президенттин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
Адыл Естебесов - президентинин администрациясынын Министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
Замирбек Базарбеков - президенттин администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
Дастан Дүйшекеев - президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
Айбек Айдарбеков - президенттин администрациясынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
Жетиген Бакиров - президенттин администрациясынын мамлекеттик, муниципалдык кызмат жана кадр саясаты бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
Акылбек Орозалиев - президентти администрациясынын инспектордук-контролдоо иштери бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
Жаныбек Жалалов - президенттин администрациясынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
Алтынбек Керимжанов - президенттин администрациясынын кадрлар бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
Санжар Мурзаканов - президент администрациясынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
Аскат Беков - президенттин администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү саясаты жана пландоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
Жанузак Абдыкалыков - президенттин администрациясынын экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
Алымкул Кулуев - президенттин администрациясынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
Оморов Азамат - президенттин администрациясынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
Узаков Азат - президенттин администрациясынын курулуш, транспорт, жол жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
Байтереков Таалай - президенттин администрациясынын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
Усубалиев Максат - президенттин администрациясынын саламаттык сактоо жана социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
Байтерек Галина - президенттин администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
Базарбаев Кудайберген - президенттин администрациясынын жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү, дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
Абдрахманова Чолпон - президенттин администрациясынын канцеляриясынын начальниги болуп дайындалды;
Абдысадыр уулу Азат - президенттин администрациясынын канцеляриясынын президенттин жана министрлер кабинетинин актыларын, башка актыларды редакциялоо жана котормо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
Рахматова Жанна - президенттин администрациясынын канцеляриясынын президенттин жана министрлер кабинетинин актыларын, башка актыларды чыгаруу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
Шукурбеков Улугбек - президенттин администрациясынын жарандык боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп дайындалды;
Апенов Таалайбек - президенттин администрациясынын ырайым кылуу боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп дайындалды;
Сманбаева Жылдыз - президенттин администрациясынын мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп дайындалды;
Мамбетов Алмаз - президенттин иш башкаруучусу болуп дайындалды;
Мамбеталиев Мирбек - президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары болуп дайындалды;
Шерматов Эмил - президенттин иш башкаруучусунун орун басары болуп дайындалды.